7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жүрөк жылытат». Баткенде 90 жаштагы энеге жергиликтүү бийлик үй салып берет

297

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин демилгеси, каржылык колдоосу жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилеринин салымы менен, Баткендин 90 жаштагы тургуну, Абилова Ташбүбү апага турак үйдүн курулушу башталды.

Ташбүбү апанын туруктуу жашаган турак жайы жок болгондуктан, 53 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кызы менен кароосуз калган ар кандай эски үйлөрдө баш калкалап келген.

Эне баланын тагдыры боюнча маалымат алган облус башчысы Абдикарим Алимбаев, аларга турак жай курууну колго алды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн  тапшырмасына ылайык, апанын кызы Тажигүл  Абиловага Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Алты-Адыр айылынан турак жай салуу үчүн 10 сотых жер участогу бөлүнүп берилди.

Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусунда турак үйдүн курулушу башталды.Саамалыкка жергиликтүү бийликтен, тийиштүү мекеме ишканалардан жетекчилер, айыл аксакалдары катышты.

Облус башчысы үч бөлмөлүү  үйдүн курулушун жеке көзөмөлүнө алаарын айтып, үзгүлтүксүз иш алып баруу менен, 31-август  Эгемендүүлүк майрамына карата курулушту аяктап,үй эмеректери менен жабдылган жаңы конушка, үй ээлерин көчүрүп келүү боюнча жалпы жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Айыл аксакалдары жетекчилердин биргелешкен аракетин жогору баалап,ыраазычылыктарын билдиришти.

 

298