Элибиз кирип келе жаткан жаңы жылды тосуп алуу салтанаттарын башташты. Алар түрдүү үй-бүлөлүк отуруштар, корпоративдер, табиятка чыгуулар менен коштолот. Мындай учурда коопсуздук чараларын көрүү биринчи кезекте болуу керек!
Жаңы жылды тосуу салтанаттары учурунда төмөндөгү коопсуздук эрежелерине көңүл буруу керек.
1. Үйдөн чыгып жатканда ар дайым электрошаймандардын өчүк экендигине, мештерде калган отундардын коопсуз экендигине көңүл буруңуздар, өрт коопсуздугун алдын алууну унутпаңыздар!
2. Эшик-терезелердин ишенимдүү жабылгандыгына ынаныңыздар, мүмкүнчүлүк болсо үйгө видеокөзөмөл-сигнализация орнотуп, милициянын күзөт кызматы менен келишим түзүү зарыл. Жакын, ишенимдүү коңшуларыңызга үйгө көз салып турууну эскертип кетүүнү унутпаңыздар;
3. Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү-көңүл ачууну гана эмес, үй-бүлөңүзгө кайгы дагы алып келиши мүмкүн экендигин эскертебиз.
4. Өзгөчө айдоочуларга эскертүү: Мас айдоочу-ар кандай жол кырсыктарынын себепкери экендигин унутпаңыздар, алкоголдук ичимдиктерин ичип рулга отургандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлүп, рейддер өткөрүлөт.
5. Үйдө, корпоратив учурларында түрдүү салют, петардаларды жардырууда коопсуздук эрежелерин сактаңыздар, туура эмес колдонулган бул жарылгыч заттар өрт кырсыктарына жана денеге оор залалдарды алып келет!
6. Урматтуу уул-кыздарына жана неберелерине жаңы жылдык белек алуу үчүн коомдук транспортко, базар-маркеттерге түшкөн жарандар, чөнтөк ууруларынан сак болуңуздар!