Эртең, 14-майда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болуп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаайт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;
- Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
- Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
- Нарын жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 4…10, күндүз 15…20;
- Бишкекте түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.
- Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.