20-мартта тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12…+17, Талас жеринде +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22, Ысык-Көл облусунда +8…+13, Нарын чөлкөмүндө +4…+9 градусту көрсөтөт.
- Ал эми, Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +20…+22 градуска жетет.