7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: 600дөн ашуун турак үйдү сел каптаган

898

Кечээ, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо»,-деп берилет билдирүүдө.

Ошондой эле, ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган.

Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

899