7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкери сабалды

228

Жалал-Абад шаарында «Тазалык» ишканасынын кызматкери сабалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Бүгүн, 24-декабрь күнү «Жалал-Абад Тазалык» ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимова эртең менен белгисиз адам тарабынан сабалган. Таш менен ур-соккуга алган эркек киши милиция кызматкерлери келгенге чейин качып кеткен. Хакимованын чогуу иштеген кесиптештери милиция чакырып, укук коргоочулар жабырлануучудан көрсөтмө алып ооруканага жиберишкен.Учурда жабырлануучу облустук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айтымында башынан жаракат алып, кан басымы көтөрүлгөн. Ал эми бети канжалап, оор соккудан улам көзү ачылбай калган.Маргуба Хакимованын айтымында ал ооруканада жаткан учурда ага белгисиз номерден тергөөчүмүн деп телефон чалган. Өзүн укук коргоо кызматкери деп тааныштырган жаран жабырлануучуну “тааныбаган адамдын үстүнөн эмнеге кайрыласыз, аны биз кайдан табабыз” – деп айыптап телефонду өчүргөн.«Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуянын чын-төгүнүн тактап, өзүн тергөөчүмүн деп чалган адамды аныктап, анын аракетине баа берилиши керек деп эсептейм. Ал эми тазалык кызматкерин сабаган жаран да жакынкы күндөрдө табылып, мыйзам чегинде жазага тартылышын күтөбүз», — деп билдирди жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

229