7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 3 баласы менен дайынсыз болгон келин табылды

741

Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан келин үч баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы келин 28-февраль күнү 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Маалымат ЖМКларга жана соцтармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген. Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери келиндин Бишкек шаарында жашаган жерине барып кабар алышкан.

742