7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда “беспредельщик» каймана аттуу кылмышкер кармалды

447

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “беспредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан 1971-жылы туулган А.О.С. Ала-Бука айылынын тургунуна карата, мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөттү деген кайрылуулары келип түшкөн.

1-апрелде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Ошол эле учурда анын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылып алынды.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК  кармалган А.О.С. тарабынан зордук-зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн болгон адамдарды УКМКнын  Жалал – Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын төмөнкү ишеним номурларына: (WhatsApp: 0995 012210) кайрылууну өтүнөт.

 

 

 

448