7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда COVID: Ооруканалар толуп, стационарлар ачылмай болду

765

Жалал-Абадда коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын саны өсүп, ооруканалар толгондуктан күндүзгү стационарлар ачылат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оору жуктургандардын саны өскөндүктөн, Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларында жугуштуу илдеттер бөлүмдөрү ачылган. Ал жакта Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдүн тургундары дарыланып жатат.

«Оорукананын 65 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер бөлүмүндө учурда 61 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, 35и кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алууда. 348 адам үй шартында дарыланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ызабеков коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

766