7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленди

299

Бүгүн, 31-август күнү Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшөеев, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Майрамдык иш-чарада шаардык маданият сарайы жана Т.Тыныбеков атындагы облустук филармониясы тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк майрамынын экинчи бөлүгү саат 20:00дө «Эркиндик» аянтында белгилүү ырчылардын коштоосунда чоң программадагы концерт менен уланат.

300