7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Курманбек» стадиону пайдаланууга берилди (ФОТО)

429

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадиону толук реконструкциядан кийин колдонууга берилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Жаңыланган футболдук инфратүзүмдүк объектинин ачылыш аземине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Жалал-Абад шаарынын «Мурас Юнайтед» футбол клубунун үй аренасы болуп эсептелинген бул стадиондо гибриддик оюн талаасы, 5 миң көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактары орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлдү.

Аталган иштер Кыргыз футбол биримдиги жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын тарабынан аткарылды.

Стадиондун шарттары Азия футбол конфедерациясынын жана Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берип, эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

«Курманбек» стадионунун дагы бир өзгөчөлүгү — Кыргызстанда биринчи жолу VAR-системасы орнотула турган арена болуп эсептелинет.

Ал эми орнотулган 1600 люкстук күчкө ээ болгон жарыктандыруу системасы мындан ары оюндарды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эске салсак, өлкө боюнча башка стадиондордо оңдоп түзөө иштери улантылууда жана жыл аягына чейин бир катары жаңыланып, колдонууга берилет.

Стадиондун ачылыш аземинен кийин дароо Кыргыз Республикасынын 1XBET Премьер Лигасынын «Мурас Юнайтед» — «Илбирс» беттеши старт алды.

430