7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда наристени сатууга шектелген аял кармалды

893

Жалал-Абадда наристени сатууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ж. аттуу аял жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган. Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жерден шектүүнү кармашты.

Аталган факты Жазык кодексинин 359-беренеси («документтердин жасалмасы») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган факты Жазык кодексинин 171-беренесине («адам сатуу») квалификациясы алмаштырылды.

Ымыркай Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүп берилип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

894