7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда өрт кырсыктарынын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

693

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында мэрия, экотехинспекция, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте шаар ичинде жайгашкан тамактануучу жайлардын, бала бакчалардын, мекеме-ишканалардын өрт кырсыгынын алдын алуу шарттары текшерүүгө алынды. Тиешелүү талаптар сакталбаган жайларга эскертүүлөр берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу талаптары коюлду.

Ошондой эле милиция кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөрдү бөөдө кырсыктан сак болууга чакырышты. Окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт кырсыктары орун алган учурда коргонуу эрежелери жеткирилди. Коомдук жайларда жана өз үйлөрүндө электр шаймандарын колдонууда этият болуп, сөзсүз түрдө өчүрүлгөндүгүн текшерип, тилсиз жоонун алдын алуу керектиги айтылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

694