7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө

358

Жалал-Абадда шайлоого карата түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда милициянын көчмө кабылдама унаасы менен милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Алар социалдык тармактарга таратылган жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин эскертишүүдө. Шайлоо учурунда жана ага чейин чагымчыл күчтөр тарабынан жасалган туура эмес аракеттерге күбө болсо милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.


Эске салсак 2020-жылдын жыйынтыгы менен милициянын көчмө кабылдама унаасы Жалал-Абад шаарынын аймагында 238 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 394 атуулдан ар түрдүү мазмундагы арыз-даттанууларды кабыл алган. Ал эми Сузак РИИБдин көчмө кабылдама унаасы өткөн жылда 158 жолу аймактарга чыгып, 389 кайрылуу кабыл алган.


Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери 10-январда өтө турган шайлоого карата шайлоо бюллетендерин тийиштүү жайларга коштоп жүрүү жумуштарын аткарышты. Ошондой эле азыркы учурда тийиштүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте эл аралык жолдордон тартып ар бир шайлоо участкаларына барчу ички жана чарбалык жолдорго чейин жолдордун абалы боюнча кароолор жүргүзүлүп бүттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

359