Жалал-Абад шаарынын аймагындагы дарыканаларда жана жеке турак жайларда «Лирика» жана «Мидакс» психотроптук препараттарын мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды.
УКМК билдиргендей, дарыканалардын кызматкерлери жана айрым жарандар психотроптук заттарды медициналык рецепти жок мыйзамсыз сатып алып, аларды көбүнчө өспүрүмдөргө сатышкан.
Тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн психотроптук препараттар табылып алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.