7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу кампаниясы башталды

423

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абад облусунда ири экологиялык кампания жүрүп жатат.

ӨКМ билдиргендей, анын алкагында 100 гектар аянттагы какыраган адырларга 40 миң көчөт отургузулуп, аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга чоң салым кошот.

Камчыбек Ташиев долбоордун маанисин баса белгилеп: «Табиятка инвестиция салуу – бул биздин экологиялык коопсуздукка жана Кыргызстандын жарандарынын жыргалчылыгына кошкон узак мөөнөттүү салымыбыз», – деп белгиледи.

Долбоордун алкагында жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүк жана башка ийне жана жазы жалбырактуу дарактар тигилүүдө.

Көчөттөрдүн натыйжалуу өсүшүн камсыздоо үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Аны Түркиядан келген адистер ишке киргизип, көп жылдык пайдаланууга ылайыкташтырат.

Иш-чарага өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрликтин өкүлдөрү, УКМКнын кызматкерлери, ошондой эле Токой чарбасынын адистери катышты.

424