7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров 12 жылдан бери иштебей турган Жыргалаң көмүр кенин ишке киргизди

907

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жыргалаң көмүр кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Таанышуу учурунда бул кен 12 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турганы, бирок 2022-жылдын жаз айларында өлкө Президентинин тапшырмасына байланыштуу иш жанданганы жана  Каракол шаарын жана ага жакын аймактарды кыш мезгилинде көмүр менен камсыз кылаары айтылды.

Белгилей кетсек, Жыргалаң кенин ишке киргизүү менен Кара-Кече кениндеги күчтү кыскартууга, ошондой эле Кара-Кече кенинен Каракол шаарына жана ага жакын аймактарга көмүр ташууга багытталган каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда Жыргалаң кенинен суткасына 100-120 тонна көмүр чыгарылса, кышында Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорун камсыздоо үчүн 12 миң тонна көмүр керектелет, буга байланыштуу бул аймактардын кара отунга болгон муктаждыгын Жыргалаң көмүр кени толук камсыздай алат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

908