7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат»

497

Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.

«Кыргызстан – көп улуттуу мамлекет экенин, биз көп түрдүү маданиятыбызды, тилдерибизди баалашыбыз керектигин дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин! Көп түрдүү маданиятыбыз – бул биздин байлыгыбыз жана биз аны андан ары да өнүктүрүүгө жана сактоого тийишпиз. Кыргызстандын ар бир жаранын жарандык жоопкерчилигин аңдап-сезип, мамлекеттин турмушуна жигердүү катышууга чакырат элем. Ошондо гана биз Кыргыз Республикасы үчүн салым кошуп, ийгиликтерди жарата алабыз. Бул өлкөбүздүн келечеги ар бирибизден көз каранды дегенди түшүндүрөт. Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат», — деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

498