7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт

498

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде өлкөдөгү сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча пикирин билдирди.

— Кыргызстан адам укугу, сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде бир тепкичке ылдыйлады деген пикирлерди чыгарышууда…

— Дүйнөлүк рейтингди ким түзөт? Дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок.

 

 

 

499