7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Дедовщинанын» айынан бирөөнүн мурду канай турган болсо командири камалат

716

Бүгүн, Бишкекте Элдик курултайдын экинчи күнү өттү.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын армиядагы “дедовщинанын” айынан балдардын өлүп жатканы тууралуу сөзүнө жооп берди.

“Аскер каза болду десе бир гана Коргоо министрлигин күнөөлөй бербеш керек. Анткени, аскерлерибиз ИИМ, ӨКМ, Жаза аткаруу кызматы, УКМКнын Чек ара кызматында дагы кызмат өтөшөт. Кайсы тараптагы кызматтан каза болгонун билиш керек. Кыргызстанда “дедовщина” 100 пайыз жок деп айта албайм, бар. “Дедовщинанын” айынан кимдир бирөөнүн мурду канай турган болсо, командири камалат”, — деди ал.

Президент эки жылда аскер тармагына 53 млрд сом бөлүнгөнүн белгилеп өттү.

“Буга чейин бир дагы сом бөлүнбөй, жалаң грант менен жашаган. Керек болсо, аскерлерибиз Түркия, Америка, Кытай, Россиядан келген кийимдерди кийип жүргөн экен. Азыр баарын өзүбүздүн каражатыбызга алып жатабыз”, — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717