7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Колумду кармап, «Сеникиндей элди жөн эле келип жерин басып алам деген бул акылсыздык» деди

652

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин улантууда. Курултайда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, делегаттардын сунуштарын карап, суроолоруна жооп берүүдө.

«Баткен окуясынан кийин чет өлкөгө саммитке бардым. Саммитке барганда, атын атабай эле коёюн бир кесиптешим колумду кармап туруп «Сеникиндей элди жөн эле келип жерин басып алам деген бул акылсыздык» деди. Мындай ыкчам уюшулган, ынтымактуу элди эч ким баса албайт деп… Мен дагы жүрөгүм менен кубандым. Бул баарыбыздын ынтымагыбыз»,-деди өлкө башчы суроолорго жооп берип жатып.

Белгилей кетсек, Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Делегаттар өздөрүнүн шайлоочулары жолдогон сөздөрүн айтып чыгууда, аймактарды жана айылдарды өнүктүрүү, экологияны жакшыртуу, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, чет жерде жашаган кыргызстандыктардын көйгөйлөрүнө байланышкан жана башка коомдук маанилүү маселелерди көтөрүп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

653