7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

626

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Сизди жана жалпы боордош Өзбекстан элин Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүүлүк алган жылдардан тартып Өзбекстан Республикасы күчтүү жана туруктуу демократиялык мамлекетти куруу менен бирге социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасап келет. Ошондой эле Өзбекстан чет мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө чоң ийгиликтерге ээ болуп, эл аралык жана аймактык маселелерге кошкон салымы үчүн дүйнөлүк аренада да татыктуу орунду ээледи. Бул Сиздин реформаторлук көрөгөчтүгүңүздүн жана чечкиндүү кадамдарыңыздын натыйжасы», -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттер ортосунда жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрүлгөн кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы бирге күрөшүүгө даяр экенин билдирип, Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык, бакубат жашоо каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627