7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапон инвестору 7-каналга кеңешчи болду

592

7-каналдын эл аралык кызматташуусу жаңы денгээлге чыкты. Бүгүн телеканалда Japan Style LLC компаниясынын өкүлдөрү таанышуу сапары менен болушту.

Каналдын башкы директору Илязбек Балташев компаниянын директору Мичинори Ёцухаши менен жолугушканына жана жакындан таанышканына кубанычта экенин билдирди.

Өз сөзүндө башкы директор япон тарап менен маданий багыттагы кызматташууга басым жасады. Көрүүчүлөр үчүн пайдалуу, кызыктуу, тарбиялык мазмуну бар контентти жайылтууга кызыктар экенин жана эки тарап биргелешип телепродукцияларды өндүрүү сунушун киргизди.

Өз кезегинде Ёцухаши мырза кыргыз-япон достугун бекемдөө боюнча планы менен бөлүштү. Ар кыл долбоорлор, негизинен маданият, экономика, инвестиция боюнча эки тараптуу кызматташтыкты баштоого жана иш жүзүнө ашырууда 7-каналды башкы медиа өнөктөш катары көрүп жатканын билдирди. Мындай пикирин япон инвестору телеканалдын аз убакытта япон уюмдары менен кызматташуу тажрыйбасы бар экендигинен улам келип чыкканын жашырган жок.

Маектешүү учурунда башкы директор Илязбек Балташев өнүгүүгө карай жаңыча кадам жасоо үчүн каналдын миссиясы маанилүү экенин айтып, Япониядан үлгү алуу, тажрыйбалуу адистерин кеңештерин алып туруу боюнча оюн билдирди. Ушул себептен, эл аралык долбоорлор ийгиликтүү болсун деген максатта япон инвестору Ёцухаши Мичинори телеканалга кеңешчи болду. 7-канал менен Japan Style LLC япон компаниясынын кызматташуусу эки өлкө ортосундагы достуктун көпүрөсү кызматын аркалайт деген ишеним чоң.

Бүгүнкү жолугушуу кыргыз-япон кызматташуу алкагында максаты чоң долбоорлордун үстүндө биргеликте иштешүү боюнча макулдашуулар менен жыйынтыкталды. Мындай кызматташуу 7-каналдын жаңы күзгү сезонуна туш болуп, сентябрь айынан старт алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593