7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандардан акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

643

Өзгөн РИИБнин жана Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизат менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  ИИМнин аталган эки аймактык бөлүмүнүн айрым ыкчам кызматкерлери карапайым жарандардан узак убакыт бою “опузалап талап кылуу” схемасын уюштурушкан, алар башка карапайым жарандарды, негизинен жаш кыздарды, коркутуп-үркүтүү жана шантаж жолу менен алардын кылмыштуу иш-аракеттерине тартышкан.

12-майда Ош облусунун Өзгөн районунун жана Куршаб айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында кылмыштуу аракеттерди тастыктаган маалыматтар алынган.

Шектүү милиция кызматкерлери кармалып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №25 тергөө абагына камакка алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644