7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаранды 135 миң долларга сындырып, издөөгө алынган милиционер кармалды

828

Издөөгө алынган милиция кызматкери кармалды. Ал Октябрь РИИБинин кызматкери экендиги аныкталды. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери «С.Р.» кызматынан кыянаттык менен пайдаланып «О.А.» аттуу кыргызстандык жаранды алдап 135 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчасын ээлеп алып, кайра кайтарып бербей койгон.

Аталган факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган кызматкер издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган. 12-декабрда ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө, анын жүргөн жери аныкталган. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалган. Азыркы учурда ал аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

829