7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күлкүлүү окуя. Бишкекте банка ала албаган аял Тез жардам чакырган

667

Тез жардам дарыгерлерин чакыруу боюнча күлкүлүү окуяны «Врач На Скорой» баракчасы жарыялады.

Бишкектин Тез жардам кызматына 80 жаштагы кемпир чалып, жүрөгү катуу ооруп жатканын билдирген. Айтылган дарекке Тез жардам барганда, улгайган аял эшикти ачкан.

Көрсө, апанын жүрөгү оорубай эле антресолдогу банканы ала албай, Тез жардамга кайрылган.

«Силер Тез жардамсыңар, силер баарына жардам беришиңер керек деген чоң эне жанып турган көздөрү менен боорукер жылмайып турду. Кийинкиде Өзгөчө кырдаалдар министрлигин чакырууну сунуштадык. Алар дароо биринчи кабаттан тепкич менен көтөрүлүп, текчеден банканы оңой эле ала алышат. Банканы алып берип, кеттик», — деп Тез жардам кызматынын дарыгерлери башынан өткөн окуяны айтышкан.

668