7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Жардам кербенинин” экинчи партиясы боордош казак элине жөнөтүлдү

369

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин”  экинчи партиясы жөнөтүлдү. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат.

Жөнөтүлүп жаткан 150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар.

Экинчи жардам кербенине президенттин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту.

Белгилей кетсек,  биринчи “Жардам кербенин” Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 6-апрелде  15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан. Гуманитардык жардам 4 облуска жеткирилген. Кербен 6 миң чакырымга жакын жол жүрүп, Жамбыл – Чымкент – Түркестан – Актөбө –  Атырау – Костанай – Орал (Уральск) жолун басып өтүшкөн. 13-апрелде түнкү саат 2:00дө Кыргызстанга кайтып келишкен.

370