Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы жасалма диплом колдонуп жүргөн. Маалыматты УКМК тастыктады.
«2003-жылы Т.М. аттуу судья Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырган»,-деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кечээ күнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.