7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаза аткаруу кызматынын жетекчилеринин бири пара менен кармалды

1539

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары «Н.Т.М.» коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын «Н.Т.М.» жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда бошотуу,  шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алуу фактысы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2-августта шектүүнүн иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 миң АКШ доллары, 59 миң сом суммасындагы акча каражаттары, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын патрондору алынган.

Жашаган жеринен ТТ тапанчасы жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылып алынды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш -чаралардын жыйынтыгында «Н.Т.М.» КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1540