8-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, ал эми тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө +9…+14, Талас жеринде +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын чөлкөмүндө -4…+1 градусту көрсөтөт.
Бишкекте +12…+14, Ошто +13…+15 градуска жетет.
Бардык айымдарды 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз!
Жашоого ченеми жок кубат берип, чексиз бакыт тартуулаган энелерибиз – ааламга нур чачкан берекесиңер.
Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс бакыт каалайбыз. Майрамды жакындарыңыз менен жакшы маанайда өткөрүңүздөр!