23-январда Кытайдагы жер титирөөнүн толкуну Кыргызстанга да жеткен. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жабыркаган имараттарды такташууда.
«Алдын ала маалыматтар боюнча табигый кубулуштун кесепетинен жабыркаган имараттар бар. Учурда облустардын Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө. Ысык-Көл облусунун аймагында 18 социалдык мекеме жана 9 турак үй текшерилип, дубалдарынан майда жаракалар кеткени аныкталган. Ал эми эски 1 турак үй авариялык абалда. Ошондой эле Нарын облусунун райондоруна тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Облуста 3 социалдык мекеме, 6 үй жана 1 турак жайдын кире бериши текшерилди. Жалпысынан эки облустан 21 социалдык мекеменин, 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 1 эски үй авариялык абалда жана бүгүн 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө. Мындан сырткары Чүй облусунун Чүй, Москва райондорунун 2 мектеби текшерилип, мектептин жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталды»,- деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында жана Бишкек шаарында 4 баллга чейин сезилди.