7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө айыл жаштары имам менен жубайына умрага жолдомо беришти

718

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын имамы Миржан Эдиловго аталган айылдын 1996-жылы туулган жаштары тарабынан умра сапарына жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Казыяттан билдиришинче, имамдын элге кылган көп жылдык кызматы бааланып, жаштар ыраазычылык билдирип, ушул кубанычтуу сыйлыкты белек кылышкан.

Имамга жолдомо белек кылынганда айылдын чет жерде эмгектенип жүрүшкөн жаштары да колдоого алышып, имам менен бирге барып келүүгө жубайына да жолдомо беришти. Аталган айылдын имамы жаштарга ыраазы болуп, Жараткан Алла Тааладан жакшылык, ыраазылык жана береке тилеп, тургундарга ыракматын айтты.

Белгилей кетсек, ушул эле айылдын жашоочулары жаз айларында имамга автоунаа белек кылышкан.

 

 

 

719