7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө эки кишинин мушташы биринин өлүмү менен аяктады

422

Жети-Өгүздө мас абалында эки киши мушташып, каттуу жаракаттан улам бир киши каза болду. Бул тууралуу Жети-Өгүз ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрь күнү милицияга тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Ал билдирүүдө Даркан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс учу жок акыбалында ооруканага алып келингендиги боюнча маалымдалган.

Аталган факт боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 130-берененин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында Даркан айылынын 31-жаштагы тургуну С.К. кармалган.

Шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдигин ичишип, түнкү саат 02:00 чамаларында өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.

Алган жаракатынан улам жабырлануучу эс учун жоготуп, көчөдө жатып калган. Аны көрүп калган айылдаштары тез жардам чакырышып, райондук ооруканансына жеткиришип, эртеси эсине келбей каза болгон.

Райондук сотунун чечимими менен шектүүгө 2 ай камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423