Бүгүн, 14-сентябрда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.
«Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда»,-деп берилет маалыматта.