7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жетим балдарды мурастан ажыраткан нотариуска кылмыш иши козголду

613

Бишкекте балдар жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүдө, 2021-жылдын 18-октябрында Биринчи май районунун мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу тарабынан А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин, анын жашы жете элек 9 балдарынын ортосундагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөрү берилип, бирдей бөлүштүрүлгөн.

Бирок, ошол эле күнү жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. тарабынан мураска калтырылган мүлктү алдын-ала пайдасыз ыктыярдуу бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу түзүлүп, ага ылайык 3 томолой жетим жашы жете элек А.Д. (2004-ж. т.), А.А. (2007-ж.т.) жана А.М. (2012-ж.т.) мураска калтырылган мүлккө болгон укугунан толугу менен ажыратылышкан.

Ошону менен бирге, аталган макулдашууну нотариус тарабынан аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугусуз катталып, жогоруда аталган жетим балдардын мураска калтырылган мүлккө болгон укуктары бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына тапшырылды.

614