7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку аттестациялык комиссиясы Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы  болуп өзгөртүлдү

427

Жогорку аттестациялык комиссиясы Президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп өзгөртүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жарлыкта заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси өлкөнүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү чечүүдө илимий жана инновациялык ишмердүүлүктүн багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүп түзүү токтом кылынат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

428