7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Таласка барып кетем» Айсулуу Тыныбекова кичинекей балбан Жасмина менен сүйлөштү

1236

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова менен кичинекей балбан кыз Жасминанын телефон аркылуу сүйлөшүүсү.

Буга чейин Талас облусунун кичинекей тургуну Айсулуу Тыныбекова жолуккусу келип, ыкмаларды үйрөнгүсү келгенин айтып кайрылуу жасаган. Ал эми социалдык тармактарда анын өзү курактуу эркек баланы 3-4 жолу айлантып чаап салганы тарап, «кичинекей Айсулуу» деген атка конгон. Видео Айсулуу Тыныбековага жетип, ал жолугуп багыт көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Азыркы учурда Айсулуу Тыныбекова Ысык-Көлдө чемпионатка даярданып жаткандыгына байланыштуу 1 айдан кийин гана Жасмина менен жолуга алат. Бирок, ага чейин телефон аркылуу таанышып, сүйлөшүүнү туура көргөн. Төмөндө эки балбандын сүйлөшүүсү (текст):

Айсулуу Тыныбекова: — Кандайсың?

Жасмина: — Жакшы өзүңүз кандайсыз?

Айсулуу: — Жакшы. Канчанчы жылкысың?

Жасмина: — 2012 жылкымын мен…

Айсулуу: — Азыр 9га чыктыңбы, чыга элексиңби?

Жасмина: — Чыктым…

Айсулуу: — Келечегиңдин баардыгы алдыда буйруса. Көп болдубу машыгып баштаганына?

Жасминанын атасы: — Кудай буйруса быйыл экинчи жыл. 1-класска киргенден баштап барып жатат да. Быйыл 2-классты бүтүп 3-класска кирип жатат да. Эки жыл болду.

Жасминанын апасы: Биздин кыз сизди кумир тутат. Силер менен жолугам деп өтө толкунданып жаткан болчу. Өзү менен сүйлөшүп коюңузсчу…

Жасмина: — Айсулуу эже, мен сиздичи, жаныңыздан көргүм келет. Колуңузду кармагым келет.

Атасы: — Толкунданып ыйлап жатат…

Жасмина: — Сизден акыл үйрөнсөм деп, ыкма үйрөнсөм  деп жүрөм…

Айсулуу: — Кызыңыз азыртадан машыгып жатыптыр. Машыгып жатканына 1-2 жыл болоюн деп калыптыр, буйруса келечегинин баары алдыда. Биздин ийгиликтерден дагы булар ашып,буйруса чоң ийгиликтерге жетет эгерде ушул темпте кете берсе, машыгууну таштабаса. Эң негизгиси жакшы окусун кызыңыз. Сабакты жакшы окушуң керек.

Жасмина:  — Аха, жакшы окуйм мен…

Айсулуу: — Сабактарынды калтырбагын макулбу, ата-энеңди угуп. Бишкекке барганда убакыт таап сиздерге байланышабыз. Же болбосо өзүбүз дагы балким Талас шаарына барып калышыбыз мүмкүн. Ошол убакытта мен сиздин кызыңыз машыккан залга барып кетем. Эгер Таласка барбай турган болсом, анда Бишкекке чакырам.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1237