7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулдан кайтып келишти

619

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары ишке чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү.

Жыйында төрага Талант Мамытов: “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деп депутаттарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ошондой эле  бүгүнтөн баштап фракциялардын жана комитеттердин иштери башталарын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620