Жогорку Сот Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапкан Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 7-каналга Жогорку соттон билдиришти.
27-февралда өткөн кайра шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев Свердлов округу боюнча шайлоочулардын 19,52 пайызынын колдоосуна ээ болгон эле. 9-мартта БШК анын каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алган.