7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку сот: Аудио жана видео жаздыруу элдин сотко болгон ишенимин жогорулатат

601

Бүгүн,10-сентябрда Жогорку сотсун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкекте өткөн “Ааудио-видео жаздыруу — сотко ишенимди жогорулатуу куралы” деген аталыштагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу ЖСнын басма сөз кызматы билдирет.

Тегерек столдун ишин Нургүл Бакирова ачып, аудио жана видео жазууну киргизүү сот адилеттигин ишке ашыруу процессин жөнөкөйлөтүп, сот өндүрүшүн оптималдаштырат жана автоматташтырат, ошондой эле бюджеттик каражаттарды үнөмдөй тургандыгын белгиледи. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда аймактык жана уюштуруучулук тоскоолдуктар жоюлуп, өз кезегинде сотко болгон ишенимдин деңгээли жана республиканын эл аралык рейтинги жогорулай тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, аудио жана видео жаздыруунун алкагында сотторду чет мамлекеттердин мисалында видеоконференц-байланыш системасы менен жабдуу аркылуу сот адилеттигин аралыктан жүргүзүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгары айтылды.

Төрайым республикада соттук отурумдарга аудио жана видео жазуу системасын киргизүү жана колдонуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен этап-этабы менен жүргүзүлүп, учурда АВФ 63 соттун 157 сот залына орнотулгандыгын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602