7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шектелип жатат (ФОТО)

393

Жогорку Соттун судьясы Дилфуза Боронбаевага таандык ондогон кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, Жогорку соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Боронбаева Дилфуза Салимовна, алдыңкы курулуш компанияларынан 20 дан ашык элиталык кыймылсыз мүлктөргө, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттагы престиждүү батирлерге жана кымбат баалуу унааларга ээлик кылган.


Ал эми байлыгын жашыруу үчүн мамлекеттик органдардагы сатып алуу эрежелерин аткарган эмес же айрым учурларда башка адамдарга каттатып келген.


Ошондой эле судья өзү жана жакын туугандары Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Азия, Европа өлкөлөрүнө тез-тезден саякаттап турушкан. Мунун баары мыйзамсыз киреше тууралуу айтып турат, деп айтылат расмий маалыматта. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Ал эми Жогорку соттун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, «Б.Д.С.» инициалы судья Боронбаева Дильфуза Салимовнанын аты-жөнүнө дал келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

394