7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жол кырсыгы тынчтык жолу менен чечилди. Жабыркагандар болгон жок.»-УКМК Ташиевге тиешелүү унаа тууралуу түшүндүрмө берди

335

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкектин «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо жол кырсыгы катталып, социалдык тармактын колдонуучусу Хамидулло Узаков Toyota Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу скутердин айдоочусун сүзүп кеткенин билдирип, ал унаа Ташиевке таандык экенин жазган.

Ал белгилегендей, айдоочу каршы тилкеге ​​чыгып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

УКМК жол кырсык боюнча түшүндүрмө берди. «Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. Жолдо  Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен. Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти. Жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

336