7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кырсыгынан 12 адам жабыркап, 2 адам каза болду

525

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болуп, 12 киши жабыркады Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кырсык 4-июль күнү саат 19:25 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 28-чакырымында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда Бишкек шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.А. Тойота-Эстима унаасы менен күн батыш багытында бара жатып, рульга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Э.Ж. башкаруусунда Хонда-Одиссей унаасы менен кагылышкан.

«Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы бала жана 69 жаштагы Ж.А. каза болуп, 12 адам ар кандай жаракаттарды алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, каза болгондордун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Тойота-Эстима унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган М.А.; жүргүнчүлөрү: 1979-жылы туулган М.Д.; 2009-жылы туулган М.А.; 2004-жылы туулган М.И.; Хонда-Одиссей унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган Э.Ж.; жүргүнчүлөрү Ош шаарынын тургундары 1991-жылы туулган А.Э.; 1987-жылы туулган Э.К. ар кандай жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

526