7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кырсыктан каза болгон дарыгер Мааданбековага “Эмгек сиңирген врач” наамы ыйгарылды

265

Нарын шаарынын калкын медициналык тейлөөдө үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, үй-бүлөлүк дарыгер Мааданбекова Гүлжан Билаловнага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жогорку наамды Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидиновго тапшырууга аргасыз болду.


“Каргашалуу жол кырсыгынан улам апабызды жоготуп алдык. Медицина тармагына 33 жыл өмүрүн арнап, пандемияда талыкпай иштеп, колу жеңил дарыгер болчу. Үйдө мээримдүү эне. Мени жана карындашымы чоңойтту, бойго жеткирди. Биз апабыз менен сыймыктанабыз”, – дейт жогорку наамдын ээси Гүлжан Мааданбекованын уулу Элдияр Мидинов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

266