7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк чемпионаттан күмүш медалга ээ болду

1823

Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.  Финалдык беттеш 9-октябрь кечки 22:30да түз эфирде  чагылдырылды.

Шаршенбеков алтын курга болгон күрөштө молдавиялык Виктор Чобану менен беттешип 9:3 эсебинде жеңишти алдырып койду.

Алгачкы 2 мүнөттө активдүүлүгүн көрсөтүп 3 упай алган менен кийинки мүнөттөр Чобанунун пайдасына кетти.

 

Эске салсак, Шаршенбеков Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктаган.

Спорттук комментаторлор кыргызстандык балбан шашып койгонун белгилеген болчу. Бирок атаандашы алдыңкы орундарга жеткен эмес.

Молдавиялык балбан Виктор Чобану 29 жашта. 2018-жылы дүйнө чемпионатынан күмүш алып, 2019-жылы Европа чемпиону болгон.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2018-жылы дүйнө жана Азия чемпионаттарынан күмүш байге уткан. 2020-жылы дүйнө кубогун жеңип алган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1824