7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто «Жубайым менен жазыштың» деп акча талап кылгандар кармалды

461

Ошто жарандарды коркутуп, опузалоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген жалган шылтоо менен (чындыгында эч бир жубай эмес) коркутуп, 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кыла башташкан. Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда жаран милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Опузалоочулар талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгон. Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, аталган сумманын бөлүгүн алган учурда шектелген адамдардын тобу кармалган.

Алар 1999-1998-жылкы жана 1997-1996-жылкы Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган. Кармалган 25 жаштагы жигит буга чейин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Андан тышкары башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

462