7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумабек уулу Султан 8 саат 33 мүнөттө Ысык-Көлдү сүзүп өттү

721

Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейин 50 километр аралыкты 8 саат 33 мүнөттө сүзүп өткөн.

Милициянын старшинасы Жумабек уулу Султан жаш кезинен бери спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып келет. Ал 30-августта Чолпон-Ата шаарынан Бостери айылына чейин жана кайра Чолпон-Атага чейин сүзгөн. Милиция кызматкери Бостери айылынан кайра сүзүп келе жатканда катуу шамал болгонуна карабастан, көрсөтүлгөн 50 километр аралыкты 8 саат 33 мүнөттө сүзүп, өзүнүн өжөрлүгү менен эрктүүлүгүн көрсөтө алган.

Андан кийин, Чолпон-Ата шаарынан Чоң-Сары-Ой айылына жана кайра артка жол алуу менен ден-соолугуна күч келтирбестен велосипед менен дагы 50 км жол жүргөн. Муну менен Жумабек уулу Султан бардык жарандарды сергек жашоого чакырган.

Талас облусунун кулуну учурда Жумабек уулу Султан ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт кызматында кызмат өтөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722