Бүгүн, 8-апрелде ӨКМ маалымат таратып, Жумгал суусуна 2 жашар бала агып кеткенин, анын жансыз денеси табылганын маалымдашкан. Окуя боюнча 7-каналга Нарын ОИИБ төмөнкүлөрдү билдирди.
Маалыматка караганда, 7-апрель күнү саат 19:10 чамасында Жумгал РИИБге билдирүү түшкөн. Анда Жумгал районунун тургунунун эки жаштагы баласы огороддо ойноп жатып, белгисиз себептер менен жок болуп жатканын билдирген.
Аталган окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу барган учурда Жумгал районунун Чаек айылынын 1993-жылы туулган тургуну 2020-жылы туулган баласы 7-апрель күнү саат 17:30 чамасында үйүнүн алдында ойноп жатканын, бирок үйүнө кирип кайра чыгып эле таппай калганын айткан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда Жумгал суусунун Орто-Токой участкасынын суунун эки айрылышынан баланын жансыз денеси табылган. Бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.