Бүгүн, 28-октябрда Жумгалды мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери уланды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, изделип жаткан Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болушууда. Минген атынын өлүгү суудан табылды.
Күн мурун ӨКМдин 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышкан.
Белгилей кетсек, жоголгондор тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп, издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.