24-июнь күнү Баткен облусунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ош-Баткен-Раззаков жолуна сел түшүп жол кыска убакытка жабылган.
Окуяга күбө болгондор өз милдетин аткарып жаткан Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкеринин видеосу менен бөлүштү. Анда, тескөөчүнүн жылаңайлак суу кечип, жол кыймылын көзөмөлдөп жатканын көрүүгө болот.